Бишкекте бир туугандар мушташып, бирөө терезеден кулап кетти. Сүрөт

Бир туугандар ижарага алган батирде арак ичип жатып, чырдаша кеткени айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде мушташ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

1 / 3
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде мушташ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди
2 / 3
Окуя 27-апрелге караган түнү болгон
3 / 3
Милициянын билдиришинче 1986 жана 1990-жылы туулган бир туугандар мушташкан.

Окуя 27-апрелге караган түнү болгон. Милициянын билдиришинче 1986 жана 1990-жылы туулган бир туугандар мушташкан. Улуусу Россияда иштеп жүрүп жаңы эле келген. Бир туугандар Чуйков көчөсүндөгү № 134 үйдөн батирди ижарага алып, ал жактан арак ичишкен.

"Кичүүсү көп ичип алып, жаңжал чыгарып, ага-ини батирден подъездге чыгып мушташкан. Улуусу кичүүсүн сабап, мурдун сындыра чапкан. Кичүүсү тынчтанып калбай подъезддин терезесин сындырып, 2-кабаттан жерге кулап кеткен. Айнек бетине тийип, тилип кетиптир", — деди кабарчы.

Окуя болгон жерде милиция иштеп жатат. Үй башчысынын айтымында, аталган батирде ушуну менен бир айда үчүнчү ирет кайталанууда.