БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков УКМКга суракка эмненин негизинде чакырылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Буга чейин Исаков өзү Facebook баракчасына УКМКдан чакыруу келгенин жазган.
"Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылды", — деди Сулайманов.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, анын кесепети беш күндөн кийин жоюлган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында тийиштүү мекеме жетекчилери камакка алынган.
19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, отставкага кетирген.
Сапар Исаков өкмөт башчылыкка 2017-жылдын 25-августунда дайындалган болчу.