Sputnik Кыргызстан Бишкектин 140 жылдыгына карата мекендештерге белек камдады

Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата аудиогид, видеоролик жана сүрөт көргөзмөсү даярдалды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата өлкөнүн жашоочулары менен меймандарына белек катары аудиогид, видеоролик жана сүрөт көргөзмөсүн даярдады.

Асмандан тартылган видеороликтерде Бишкектин эң белгилүү жерлери тартылып, "Манастын кыздары" тобунун улуттук бийи шаңдуу маанай тартуулайт. Роликтерди 26-апрелден тарта Sputnik Кыргызстан порталынан, социалдык тармактардан жана RTV, Saltanat TV, "Кыргыз ТВ", Event санариптик каналдарынан көрүүгө болот. 

Sputnik Кыргызстан Бишкектин 140 жылдыгына карата мекендештерге белек камдады

Ал эми панорамалык сүрөттөр менен шөкөттөлгөн аудиогидди 29-апрелден баштап sputnik.kg сайтынан угуңуздар. Анын жардамы менен борбор калаанын маданият жана тарыхый жайларын "аралап" чыкса болот.

"Сүйүктүү шаарым кечээ жана бүгүн" фото долбоору 17-апрелден тарта "Ала-Тоо" аянтында көрсөтүлүп жатат.

"Биз өз мекенибизди сүйөбүз! Андыктан борбор калаабызга, анын эстеликтерине, имараттарда, аянтчаларда жана көчөлөрдө катылып жаткан тарыхына кылдат мамиле жасайбыз. Шаарыбыз жылдан-жылга көрктөнүп, бирок өзүнүн тарыхый келбетин сактап калат деп ишенебиз", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.

Кыргызстандын медиа айдыңында Sputnik Кыргызстан ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Ал кыргыз жана орус тилдеринде иш алып барат. Агенттиктен сырткары радио жана жогорку технология менен камсыздалган мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстандын жаңылыктар порталы өлкөдөгү алдыңкы интернет-ЖМКлардын сап башында турат.

* LiveInternet 2018-жылдын март айына чыгарган бүтүмдөрүнө ылайык.