Сапар Исаковду УКМК суракка чакырды

Мурдагы өкмөт башчы маалыматты өзү айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Отставкага кеткен премьер-министр Сапар Исаковду УКМК суракка чакырды. Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

УКМК Исаковду кайсы иш боюнча суракка чакырганы белгилүү болду
УКМКдан келген чакырууда ал күбө катары 26-апрелде саат 15.00гө чакырылганы жазылган.

Эске салсак, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, отставкага кетирген. 

Сапар Исаков өкмөт башчылыкка 2017-жылдын 25-августунда дайындалган болчу.

Буга чейин бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов отставкага кеткен премьер-министр Сапар Исаковду "негизсиз жумуштан алган" деген жүйө менен сотко берген болчу.