Бишкекке легендарлуу "Победа" унаалары келди. Сүрөт

Темир тулпарлар Тюмень облусунан эл аралык унаа жүрүшүнүн алкагында алып келинди.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. "Бардыгыбыз үчүн бир жеңиш" аттуу медиа-экспедициянын катышуучулары Кыргызстанга легендарлуу "Победа" (ГАЗ М-20) унааларын айдап келишти. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган эл аралык долбоор 2012-жылы Ханты-Мансийск аймагынан башталган.

1 / 4
"Бардыгыбыз үчүн бир жеңиш" аттуу медиа-экспедициянын катышуучулары Кыргызстанга легендарлуу "Победа" (ГАЗ М-20) унааларын айдап келишти.
2 / 4
Аталган эл аралык долбоор 2012-жылы Ханты-Мансийск аймагынан башталган.
3 / 4
2018-жылы унаалар Думанын алдындагы ХМАО жаштар парламенти жана "Бирдиктүү Россиянын жаш гвардиясы" уюмунун Ханты-Мансийск аймагы боюнча бөлүмүнүн демилгеси боюнча Россиянын Урал федералдык округу, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды кыдырышат.
4 / 4
Медиа-экспедициянын негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке СССРдин ынтымактуу эли, жеңишке биргеликте жетишкенин эске салуу.

9-майда "Өлбөс полктун" жүрүшү кайсы жолдор менен өтөрү белгилүү болду
Медиа-экспедициянын негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке СССРдин ынтымактуу эли, жеңишке биргеликте жетишкенин эске салуу.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда медиа-экспедициянын өкүлдөрү, элчиликтин жана Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышуусунда маалымат жыйыны өттү.

Иш-чаранын алгагында коноктор согуш, эмгек ардагерлери, блокадачылар жана жаштар менен жолугушат.