Кадыры да, айлыгы да көтөрүлгөн кесип. Мал доктурлар айына 20-30 миң сом таба баштады

Эртең өлкөдө мал доктурлар күнү белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бүгүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында өлкөдө мал доктурлардын кадыры көтөрүлүп, айына 20-30 миң сомго чейин каражат таба баштаганын билдирди.

Руководитель Госинспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Калысбек Жумаканов

Анын айтымында, өлкө аймактарында жеке мал доктурлар көбөйүп, ветеринардык ишкерлик жакшы өнүгө баштады. Жумаканов азыр айыл жериндеги мал доктурлар айына 20-30 миң сомдон кем эмес каражат тап жатканына токтолду.

"Аймактардагы жеке ветеринарларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп, мыйзамдардын баары аларга ылайыкташылып жатат. Ар бирин дары-дармегин сактоочу муздаткыч, мотоцикл жана башка керектүү жабдуулар менен камсыз кылып жатабыз. Ошондой эле мал доктур жетишпеген аймактардан балдарды чогултуп, эл аралык долбоордун негизинде аларды агрардык университеттен бекер окутуудабыз", — деди Жумаканов.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси учурда өлкөдөгү мал-жандыктын баары, ал тургай иттерден бери идентификациядан өтүп жатканын кошумчалады.

Маянасы көбөйө турган аткаминерлер белгилүү болду
"Мал доктурлардын жардамы менен быйыл өлкөдөгү 1557, 7 миң уй идентификациядан өттү. Эми жылкы, чочколорду каттай баштайбыз. Ошондой эле 22 миллиондон ашык кой эмделди. 411 миң ит да идентификациядан өттү. Мунун баары мал-жандыктан жуккан оорулардын алдын алуу үчүн жасалып жатат. Мисалы, ит-мышыктан жуккан альвеококкоз оорусу эң коркунучтуу дарт болуп эсептелет. Ал курт адамдын боорун жеп салат. Ошондуктан итти жылына төрт жолу дарылап туруш керек. Уй-койдон жуккан бруцеллез илдетинин көрсөткүчү кадимкидей төмөндөдү. Ал дарт колу-бутту какшатып оорутуп, бастырбай койсо, айрымдарын тукумсуздукка да алып келет", — деди Жумаканов.

Адис азыр мал-жандыктын баары каттоодон өткөрүлүп, текшерилип жатканын, анын жыйынтыгы менен дарылоодон өтүп жатканын кошумчалады.