Бишкекте 20дай киши милицияны жакалап, асманга ок атылды. Видео

Зордуктоого шектүүнү кармоо учурунда 20дай киши ыкчам батальондун кызматкерлерин ортого алган.
Sputnik

Бишкекте маршрутка менен жеңил унаа айдоочулары мушташа кетти. Күбөнүн видеосу
Окуяга күбө болгон киши тартып  алган видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жиберди.

Видеодон кыйкырып, ышкырган 20 чактыдай киши милиция кызматкерлерин курчап алып, тапанчасын алууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Бул учурда милициянын бир  кызматкери эскертүү иретинде  асманга эки жолу ок атып, чогулган топ суюла түшкөндө, автоунаага түшүп кетишкен.

Белгилей кетсек, милицияга борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде автоунаадан жарым жылаңач кызды ыргытып кетишкендиги боюнча маалымат түшкөн. Кыз милицияга окуянын кандай болгонун айтып, тартип сакчылар Кулиев — Пушкин көчөлөрүнүн аймагын тинтип издеген.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.