ЖК Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин Башкы прокурорлукка жактырды

Жамшитовду Башкы прокурорлукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги Башкы прокурорлукка жактырылды.

Депутаттар жашыруун түрдө добуш берип, 109 депутат "макул" деп добуш беришти.

Баш прокурор болчу Өткүрбек Жамшитов деген ким? Талапкер тууралуу 6 факты
Жамшитовду Башкы прокурорлукка президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштама берип, депутаттар парламенттин жалпы жыйынында аны кызматтан алууну колдошкон болчу.

Президенттин сунуштамасында Башкы прокурор Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жаткандыгына байланыштуу иштен алынып жатканы айтылган.