The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, окуя Чжэцзян провинциясындагы Тайчжоу шаарында болгон.
Көрсө, айдоочу унааны дүкөндүн жанына токтотуп, моторун өчүрбөгөн бойдон кетип калган. Ошол маалда ичинде калган ит капысынан газды басып алып, унаа дүкөндү аралап кирип кеткени айтылды.
Маалыматка караганда, ит жабыркаган эмес.
Бул окуя боюнча интернет колдонуучулар ойлорун жазып, тамашалаган пикирлерин калтырган. Ал тургай бирөөлөр иттин мас же соо экендигин текшериш керек деп башкаларды жылмайткан.
Баса, жакында эле Кытайда итке байланышкан дагы бир кызыктуу окуя болгон. Анда аялдын башына "асмандан" ит кулап, берки ооруканага түшкөн.