БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары — Наталья Никитенко Укук тартиби боюнча комитеттин төрагалыгына, Эмил Токтошев Бюджет комитетинин төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында парламент комитеттеринин төрагаларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө "Өнүгүү — Прогресс" жана "Ата Мекен" парламенттик фракцияларынын чечимдери каралды.
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетин жетектөөгө Тынчтык Шайназаровдун, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төралыгына Зиядин Жамалдинов сунушталган.
Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Наталья Никитенко ("Ата Мекен") жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Эмил Токтошев ("Ата Мекен") шайланды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынган.