Башкы прокурорлукка талапкер Жамшитов канча айлык аларын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитов көпчүлүк коалициянын депутаты Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып пенсиясын кошкондо 30 миң сомдун тегерегинде айлык аларын айтты.

Бекешев өз сөзүндө азыр башкы прокуратуранын кызматкерлеринин минип жүргөн автоунаалары алардын ишти калыс карарынан күмөн санатарын айтты.

"Азыр башкы прокуратуранын алдында кандай гана машиналар токтоп турат. Кызматкерлер 30 миллион сом акча алгандай машиналарды минип жүрөт. Мындай көрүнүштүн өзү көп шектенүүнү жаратат", — деди ал.

Абылгазиев вицелердин милдетин бөлүштүрдү. Ким кайсы тармакты тескемекчи?
Жамшитов өз кезегинде бул маселеге да мыйзам чегинде чара көрөрүн айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жамшитовдун талапкерлигин бир добуштан колдоого алган. Эми башкы прокурорлукка сунушталып жаткан Жамшитовдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.