Ысык-Көл театры бишкектиктерге "Калк энеси Каныкей" спектаклин тартуулоодо

Пьесаны көрүүнү каалагандар үчүн Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын эшиги саат 18.30да ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры Бишкекке эки күнгө гастролдоп келгенин аталган жайдын директору Курсант Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, театр шаар тургундарына Асангүл Абдыгулованын калемине таандык "Калк энеси Каныкей" спектаклин тартуулоодо.

"Режиссеру — Орунгүл Кожомкулова. Башкы каарман Каныкейдин образын Жылдыз Саитова жаратты. Спектакль бүгүн, эртең коюлат", — деди Абдрахманов.

"Ак кеме" тасмасынын жаңы версиясы тартылат
Пьесаны көрүүнү каалагандар үчүн Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын эшиги саат 18.30да ачылат.

Эскерте кетсек, март айынын орто ченинде Султан Ибраимов атындагы Ош облустук драма театры да гастролдоп келип, борбор калаа тургундарына Султан Раевдин "Илегилек" спектаклин эл назарына тартуулаган.