Кеменгер дипломат эле... Ишенбай Абдуразаковдун сүрөттө калган элеси

Sputnik

Таза иштеп, адал жашап өткөн Абсамат Масалиев 85ке чыкмак. Архивдик сүрөттөр
Таза иштеп, адал жашап өткөн Абсамат Масалиев 85ке чыкмак. Архивдик сүрөттөр
Ишенбай Абдуразаков эмгек жолун инженерликтен баштап, кийин Улуттук илимдер академиясында, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде, СССР Тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде көп жыл эмгектенген.

Өлкө эгемендик алган жылдардан баштап Кыргызстандын Россиядагы генералдык консулу, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт, өлкө башчынын кеңешчиси, мамлекеттик катчы болуп да иштеген.

Кийин эс алууга чыкканда Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде сабак берип, эл аралык байланыштар кафедрасын жетектеген.

Жеке жашоодосунда жубайы Майрамкан Юсупова менен эки уул, эки кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн.