ЖЕТИ-ӨГҮЗ, 23-апр. — Sрutnik. Жети-Өгүз районунун тургундары Каракол — Жети-Өгүз жолунда баратып, Челпек айылынын тушунан түшүнүксүз жаныбарды байкоосуздан өлтүрө сүзүп алган. Бул тууралуу Sрutnik Кыргызстан агенттигине аталган айылдын башчысы Илгизбек Талдыбаев билдирди.
Окуя 21-апрелде түнкү саат 12лер чамасында болгон. Тургундар мындай жандыкты биринчи жолу көргөнүн айтышууда.
"Бул жандыкты айыл тургуну Азим Карыпбек уулу сүзүп алыптыр. Көрүп, баарыбыз таң калдык. Жандыктын жүнү жок. Куйругунун учунда жана эки кулагынын ортосунда гана түгү бар экен. Көлөмү мышыктан чоңураак, иттен кичирээк. Эмне жандык экенин так биле албай койдук. Кайсы бир жандыктын баласы болушу да мүмкүн", — деди Талдыбаев.
Ал ошондой эле жандыкты райондук ветеринарларга жеткирүү тапшырылганын кошумчалады.
Кыргызстандын кинологдор ассоциациясынан видеодогу жандык кытай үрпөк баштуу ит экенин айтышты. Кинологдордун айтымында, иттин ээси болгон.