Армениядагы ыңкылаптын жемиши. Жаңы премьер Серж Саргсян отставкага кетти

Саргсяндын өкмөт башчылыкка келишине каршы митингдер 10 күндөн бери уланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Армениянын премьер-министр Серж Саргсян отставкага кетип, тийиштүү чечим дүйшөмбү күнү, 23-апрелде, расмий жар салынганын Sputnik Армения агенттиги жазып чыкты.

Тарсылдаган үн, кишини суналта көтөргөн полиция. Армениядан алынган видео
Эскерте кетсек, өлкөдө экс-президент Саргсяндын өкмөттү жетектешине каршы толкундоолор өтүп, эл 10 күндөн бери нааразылык акцияларын уюштуруп келген.

Жекшемби күнү Саргсян оппозиция лидери Никол Пашинян менен жолугуп, ал майнапсыз аяктаган. Оппозиционер сүйлөшүүгө Саргсяндын отставкасын талкуулаганы гана келгенин айткандан кийин сүйлөшүү токтогон. Жаңы шайланган премьер туруп кетип калган.

Окуядан 1,5 саат өткөндөн кийин Пашинян полиция тарабынан кармалган. Бирок нааразы болгон элдин деми басаңдабай, кайра күчөгөн. Дүйшөмбү күнү Пашинян кое берилип, эки сааттан соң Саргсян отставкага кетерин жар салган.

Саргсян эки ирет президент болгондон кийин үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде премьер-министрликке шайланган. 9-апрелде күчүнө кирген конституциялык өзгөтүүлөр өкмөт башчынын укугун кеңейтип, бийлик премьердин колуна топтолот.