Алайда беш жашар бала унаа алдында калып чарчап калды. 15 жаштагы кыз шектелүүдө

Милициянын алдын ала маалыматына караганда, кыз атасы дүкөнгө кеткен маалда досторуна барып келем деп унааны айдап чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында беш жашар баланы унаа алдында калып ооруканадан чарчап калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Гүлчө айылынын тургуну кабарлады.

Анын айтымында, машинаны 15 жаштагы өспүрүм кыз башкарып жүргөн.

Ош ОИИБинен аталган фактыны тастыкташты.

"22-апрель күнү болжол менен саат 15тер чамасында 15 жаштагы кыз Honda FIT унаасы менен беш жаштагы баланы кагып алган. Күбөлөрдүн айтымында, кыз баланы сүзүп, тебелеп алгандан кийин кырсык болгон жерден качып кеткен. Унаа кийинчерээк табылды", — деп айтышты милициядан.

Милиция жыл башынан бери жол кырсыгынан көз жумгандардын санын айтты
Наристени ошол замат жергиликтүү ооруканага жеткиришкен. Бирок ар кайсы жери сынып, ички органдары катуу жабыркаган бала чарчап калганы айтылды.

Милициянын алдын ала маалыматына караганда, кыз атасы дүкөнгө кеткен маалда досторуна барып келем деп унааны айдап чыккан.

Учурда бардык экспертизлар жүргүзүлүп жатат. Кыз өз үйүндө.

Гүлчө айылынын тургуну билдиргенине караганда, кыздын туугандары каза болгон баланын үй-бүлөсүнүн жанында.