Премьер Абылгазиев алгачкы кеңешме өткөрүп, өкмөттү майнаптуу иштөөгө чакырды

Жыйында инвесторлорду тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды болушунча түзүп берүү туурасында сөз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алгачкы жыйынын өткөрүп, басымды аймакты жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө, айыл чарбасына, энергетикалык системаны реформалоого, мамлекеттик органдарга санариптин алдыңкы технологияларын киргизүүгө жасоо зарылдыгын белгиледи. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ишеним, биримдик жана жаратмандык" программасын ишке ашырууда коомдун бардык маселелери эске алынышы зарыл. Андан сырткары, программа Кыргызстандын 20140-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясы менен кошо аткарылышы керек", — деген Абылгазиев.

Анын айтымына караганда, Коопсуздук кеңешинин чечими менен коррупциянын тамырын кыркуу, экономиканын бир катар тармактарын өнүктүрүү үчүн санариптик заманбап чечимдерди, анын ичинен ведомстволор аралык өз ара иштешүүнү шарттаган "Түндүк" системасын жана "Акылдуу шаар" долбоорун тереңдетүү зарылдыгын айтты.

1 / 5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алгачкы жыйынын өткөрүп, басымды аймакты жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө, айыл чарбасына, энергетикалык системаны реформалоого, мамлекеттик органдарга санариптин алдыңкы технологияларын киргизүүгө жасоо зарылдыгын белгиледи.
2 / 5
Анын айтымына караганда, Коопсуздук кеңешинин чечими менен коррупциянын тамырын кыркуу, экономиканын бир катар тармактарын өнүктүрүү үчүн санариптик заманбап чечимдерди, анын ичинен ведомстволор аралык өз ара иштешүүнү шарттаган "Түндүк" системасын жана "Акылдуу шаар" долбоорун тереңдетүү зарылдыгын айтты.
3 / 5
Абылгазиев ата мекендик экономиканы көмүскөдөн алып чыгууну, аны менен катар салык жана бажы системасынын курамында өзгөрүүлөрдүн керектигине токтолду.
4 / 5
Жыйында инвесторлорду тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды болушунча түзүп берүү туурасында сөз болгон.
5 / 5
Абылгазиев муну менен катар эле экспорт экономикасын фермерлерди, дыйкандарды колдоо жолу менен өнүктүрүүнү айткан.

Абылгазиев ата мекендик экономиканы көмүскөдөн алып чыгууну, аны менен катар салык жана бажы системасынын курамында өзгөрүүлөрдүн керектигине токтолду.

Премьер Абулгазиевдин иш бөлмөсүнө келгендеги эмоциясы. Видео
Жыйында инвесторлорду тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды болушунча түзүп берүү туурасында сөз болгон. Абылгазиев муну менен катар эле экспорт экономикасын фермерлерди, дыйкандарды колдоо жолу менен өнүктүрүүнү айткан. Андан сырткары, министрлик менен ведомстволордун жетекчилеринин таза, ачык жана майнаптуу иштөөсү зор мааниге ээ экендигин кошумчалады.

Жыйында "Ишеним, биримдик жана жаратмандык" программасын ишке ашыруунун планын майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыгууга тапшырма берилген.

Жогорку Кеңештин депутаттары 20-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы өкмөттүн курамын бекиткен.