Мексикада УЕФАнын кубогу уурдалды

УЕФАнын кубогун Мексикага FedEx компаниясы алып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мексикага тааныштыруу үчүн алып келинген УЕФАнын кубогу уурдалып, кайта Гуанахуато шаарынан табылганын РИА Новости аталган шаардын прокуратурасына таянуу менен жазды.

Эң мыкты! КР командасы FIFA рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасады
Гуанахуато шаарындагы прокуратуранын криминалдык изилдөө агенттигинин кызматкерлери УЕФАнын кубогу уурдалганы боюнча маалымат түшөрү менен окуя болгон жерге барган.

Маалыматка ылайык, кубок Леон шаарынан Гуанахуато шаарына келгенде жоголгон. Тийиштүү кызматтардын ыкчам аракеттеринен улам кубок табылып, кайтарылган.

УЕФАнын кубогун Мексикага FedEx компаниясы алып келген болчу.