Жер жүзүндөгү эң кары адам 118 жашында көз жумду

Наби Тадзима 1900-жылдын 4-августунда туулган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң кары адам деп эсептелген япониялык Наби Тадзима аттуу аял каза болгондугун Киодо агенттиги жазды. https://english.kyodonews.jp/

Бакыт өргөсүнө өзгөчө жуптар — аксакалдар менен байбичелер келишти. Видео
Ал 21-апрель күнү Япониянын түштүк-батыш тарабындагы ооруканалардын биринде көз жумган.

Маалыматка араганда, Тадзима акыркы кездерде төшөккө жатып калган.

Гиннестин рекорддор китебинде Тадзима ямайкалык Вайолет Браун аттуу адам каза болгондон кийин эң кары жашоочу деп саналып келген.

Учурда Тадзиманын ордун ошол эле Японияда туулуп-өскөн Тие Мияко ээлеп калды. Ал 1901-жылдын 2-майында жарык дүйнөгө келген.