Бишкек мэриясы багбандардан 527 гектар жерди "талашып" жатат. Окуянын чоо-жайы

Бишкектин четинде жайгашкан 527 гектар жер жеке ишкерлер менен мэриянын талашына түштү. Союз маалында токой чарбасы катары колдонулуп келген жерди учурда жүзгө жакын жаран ижарага алып пайдаланып келет. Эми шаар бийлиги ал жерге токой паркын ачууну пландоодо.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги маселенин күңгөй-тескейин тактап, тараптардын пикирин топтоду.

Февраль айында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков мэриянын "Бишкек токой паркы" долбоорун жактырып, аны ишке ашыруу үчүн планын иштеп чыгууну тапшырган. Анын негизинде калааны жашылдандыруу аймагын кеңейтүү каралган.

Жашылдандырылган парк Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы жер менен мамлекеттик "Фрунзе" токой чарбасынын аймагына жайгашат. 

Деятельность лесного хозяйства "Фрунзе" в селе Таш-Добо

Токой экосистемасын өнүктүрүү мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиевдин айтымында, ал токой чарбасынын жерин учурда 81 жаран ижарага алып колдонот.

"Чарбанын жалпы аянты 527 гектар. Мамлекетке таандык жерди 81 ижарачы пайдаланат. Жеке тараптарга конкурстук негизде берилип, жакшы колдонгондорго 49 жылга ижарага берилген. Алардын арасында узак убакытка жана бир-эки жылга алгандар бар", — деди ал.

Жер 2000-жылдардын башында каржынын тартыштыгынан өз багытында колдонулбай жеке тараптарга убактылуу колдонууга берилген. Так ошол жерге мэрия парк ачууну пландоодо. Бирок ага жеке тараптар макул эмес. Анткени багбанчылык менен алектенгендер тоо бооруна жол салып, суу чыгарып, көчөттөрдү отургузган. 

Деятельность лесного хозяйства "Фрунзе" в селе Таш-Добо

Алардын бири Жумабек Самсалиев 12 гектарга жакын жерди ондогон жылга пайдаланууга алганын айтты.

Бишкекте токой паркы пайда болот. Мэрия жаңы долбоор сунуштады
"Менин ал жакта 2015-жылы 49 жылга алган 11,7 гектар жерим бар. Бир топ акча салганбыз. Бургулоо ыкмасы менен тоо боорунан суу чыгаргандар да бар. Туризм багытында жашылдандырып иш баштап жолун жасатып, долбоор түздүрө баштагам. Ошончо иш жасагандан кийин мэриядагылардын алабыз дегени туура эмес да, кыянатчылык. Шаардын экологиясын жакшырткысы келсе Бишкектин ичиндеги парктарды оңдобойбу? Анан адырды жашылдандырабыз деп жатканына ишене албай турам. Менимче алардын башка кызыкчылыгы бар", — деди Самсалиев.

Жерди ижарага алгандардын көпчүлүгү көчөт өстүрүп, ишкерлик менен алектенет. Алар жылына бир гектар жерге орточо 1000 сом төлөйт. Эгер шаар бийлиги мыйзамсыз иш-аракеттерге барса, соттошконго чейин бара тургандыктарын айтышууда. 

Деятельность лесного хозяйства "Фрунзе" в селе Таш-Добо

Калаа бийлигинин маалыматына ылайык, Бишкектин түштүк тарабындагы түзүлө турган парк 2660 гектарды ээлейт. Болжолдуу долбоор боюнча ал жакка бак-дарактын көптөгөн түрү өстүрүлүп, өзгөчө ыкма менен жашылдандырылат. Аны иштеп чыгуу милдети "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына жүктөлгөн.

Ишкананын жетекчиси Асхат Тулебердиев аталган аянт экологияны жакшыртуу максатында гана пайдаланыларын айтат.

"Парк түзүүнүн максаты — жашылдандырылган аймакты кеңейтүү, анын негизинде калаанын экологиялык абалын жакшыртуу. Анан ал жер бир гана ушул максаттарда колдонулат. Долбоордо бак-дарактарды тийиштүү деңгээлде өстүрүү үчүн Аламүдүн суусунун боюна атайын көлмө, суу тосмолорун куруу каралган", — деп ишендирди Тулебердиев.

Ал эми айрым экологдор мындай демилге жашылдандыруу үчүн эмес, кийин курулуш жүргүзүү максатында көтөрүлүшү мүмкүн экендигин четке какпайт. Анткени мындай учурлар буга чейин дагы болгон. Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси, эколог Айткул Бурхановдун баамында, эгер мэрия билек түрө киришсе долбоор ар тараптан тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. 

Деятельность лесного хозяйства "Фрунзе" в селе Таш-Добо

"Ал жерди жашылдандырса жакшы, анан башка максаттарды көздөсө иш чатак. Дегеним буга чейин далай жерди мэрия жашылдандырам деп алып, кийин үйлөр салынып, сатылып кеткен учурлар кездешкен. Мисалы Тынчтык проспектисинин түштүк бөлүгү так ушундай жол менен башка багытта колдонулуп кеткен. Ошондой эле ижарачылар да өз менчигине өткөрүп алышы мүмкүн. Иш тыкыр көзөмөлдөнүп, аны соңуна чыгаруу үчүн атайын программанын негизинде жасалса жаман болбойт", — деди Бурханов.

Учурда долбоорго канча каражат сарптала тургандыгы, качан башталаары айтыла элек.