"Ала-Арча" коругунда Швейцариянын жараны делген альпинист аскадан кулады

Учурда Куралдуу күчтөрдөн тик учак тартуу маселеси каралып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Аламүдүн районунун "Ала-Арча" коругундагы аскадан альпинист кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 32 жаштагы альпинист Швейцариянын жараны болуп эсептелет. Учурда Куралдуу күчтөрдөн тик учак тартуу маселеси каралып жатат.

Билдирмеде альпинист Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнө жакын жайгашкан мурдагы тоо лыжа базасындагы алачыкта экени айтылууда.