УКМК "Макмалда" өрттөлгөн фабрика мыйзамсыз курулган деп иш козгоду

Комбинаттын курулуштарын өрттөөгө шектелип 12 адам камалган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Тогуз-Торо райондундагы "Макмалалтын" комбинатынын аймагына фабрика курууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кен комбинатынын аймагына "Джи эл Макмал деволопинг" ЖЧК алтын чыгаруу фабрикасын курууга уруксат берүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталган.

"Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик экспертиза департаменти экологиялык экспертизанын корутундусу жок туруп 2017-жылы Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы фабриканы курууга уруксат кагазын берген", — деп айтылат маалыматта.

Уюлгуган кара түтүн, жаалданган эл. "Макмалдагы" өрттүн видеосу
Бул факты боюнча 19-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 11-апрелде "Макмал" алтын комбинатынын алдына миңге жакын тургун чогулуп, кытайлык "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабирикасынын курулуштарын өрттөп жиберген. Нааразычылык акциясына чыккан миңдей адам жаңы фабриканын курулушуна каршы болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 12 адам эки айга камалган.