БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россияга каршы санкциялар баарына зыян тийгизет, бирок аларды РФ кабыл алган эмес, демек актоого эч кандай негиз жок. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
"Россияга каршы мыйзамсыз, бир тараптуу жарыяланган санкциянын кесепетин баары тартат", — деди Лавров Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль менен жолугушуунун жыйынтыгында.
"Бул санкцияларды биз киргизген эмеспиз, демек, аларды актоого да башыбызды оорутпайбыз. Анткени санкциялардын негизги бөлүгү европалык өнөктөштөрдүн убадага турбай койгонунан кийин киргизилген", — деди Лавров.
Министр өз сөзүндө европа мамлекеттери 2014-жылы Украинанын легитимдүү президенти менен оппозициянын ортосундагы макулдашууга болгон кепилдигин коргой албаганын белгиледи.