Дүйнөдөгү эң кары бойдок көз жумду

Так өткөн кишинин жакын туугандары да болгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Чилинин жашоочусу Селино Вильануэва Харамильо, дүйнөдөгү эң улгайган бойдок 122 жашында көз жумду. Бул туурасында "Известия" британиялык The Guardian басылмасына шилтеме берип жазды.

Египетте ааламдагы эң узун киши менен эң кыска аял жолугушту
Ал өпкөсү жабыркап, ооруканага түшүп көз жумган. Бир жума мурда керебеттен кулап, үч кабыргасын сындырып алып, анын бири өпкөсүнө кирип кеткен. Харамилього тез арада операция жасалып, медиктер абдан аракет кылганы менен аны сактап кала алган эмес.

Басылманын маалыматына караганда, Селино Вильануэва Харамильо 1896-жылы 25-июлда жарык дүйнөгө келген. Ал киши таптакыр үйлөнбөгөн жана жакын туугандары да болгон эмес.

Маркумду Меун шаарындагы көрүстөнгө коё турган болушту.

Sputnik Кыргызстан мындан бир нече ай мурда Европанын эң улгайган жашоочусу 116 жаш курагында каза тапкандыгын жазган.