БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мени бүгүн депутаттардын реакциясы таң калтырды. Менимче бүгүнкү күндө парламент кол балага айланып баратат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков "Апрель" телеканалында сүйлөп жатып билдирди.
Исаков кечээ эле аны колдоп жаткан депутаттар бүгүн тескери карап калганын белгиледи.
"Буга чейин комитеттерден, жалпы жыйындарда депутаттар бизди колдоп эле келе жатышкан. Ооба, сын дагы болду. Аны туура кабыл алыш керек. Бирок бүгүнкү кескин чечим мени таң калтырбай койгон жок. Менимче саясатчы болобу, партия болобу акырына чейин өз позициясын карманышы керек. Бул жаатта парламент эрксиздигин көрсөтүп, бүт дүйнөгө уят болду", — деди Исаков.
Бүгүн, 19-апрелде, парламент Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койду.