ЖК баарын токтотуп, өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени кароого киришти

Депутаттардын көбү өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин биринчи кароону жактырды
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов жана "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов парламенттин жыйынында КР өкмөтүнө ишенип көрсөтпөө боюнча маселени биринчилерден болуп кароону сунуштады.

Шыкмаматов ошондой эле саясий маанилүү окуя болуп жаткандыктан ар кандай маселелерди жылдыра турууну өтүндү.

Өзүм билем! Сапар Исаков менен Бакыт Төрөбаев кер-мур айтыша кетти
Эл өкүлдөрүнүн сунушу добушка коюлуп, колдоо тапты.

Төрага тийиштүү комитеттин корутундусу жок экенин белгиледи. Депутат Марлен Маматалиев комитеттин корутунду чыгаруусу үчүн 15 мүнөт убакыт сурады. Дастан Жумабеков аны канааттандырып, 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялады.

Белгилей кетсек, буга чейин парламенттеги оппозициялык үч фракция — "Республика — Ата-Журт", "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" өкмөттүн 2017-жылда жасаган иши боюнча отчет угуп, канааттандырарлык эмес деп тапкан.