Жогорку Кеңештин алдында митинг өтүп жатат. Сүрөт

11-апрелде "Макмал" алтын комбинатынын алдына миңге жакын тургун чогулуп, кытайлык "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабирикасынын курулуштарын өрттөп жиберген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш имаратынын алдында "Макмал" алтын ылгоочу комбинаттын айланасындагы маселе боюнча митинг өтүп жатат.

1 / 2
Жогорку Кеңеш имаратынын алдында "Макмал" алтын ылгоочу комбинаттын айланасындагы маселе боюнча митинг өтүп жатат
2 / 2
Кабарчынын маалыматы боюнча, нааразы болгондор камакка алынган 12 кишини чыгаруунун талап кылышууда. Митингчилердин айтымында, топтошкон элге дагы адамдар кошулмакчы.

Кабарчынын маалыматы боюнча, нааразы болгондор камакка алынган 12 кишини чыгаруунун талап кылышууда. Митингчилердин айтымында, топтошкон элге дагы адамдар кошулмакчы.

"Макмалдагы" митинг: өрттөн улам фабрика эмнеден кол жууду
Эскерте кетсек, 11-апрелде "Макмал" алтын комбинатынын алдына миңге жакын тургун чогулуп, кытайлык "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабирикасынын курулуштарын өрттөп жиберген. Нааразычылылык акциясына чыккан миңдей адам жаңы фабриканын курулушуна каршы болгон.

Бул факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 234 (Бейбашчылык), 174 (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-беренелери (Массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголуп, 15 адам кармалган болчу. Анын 12си камакка алынган.