Сирияга төрт кыргызстандык кишини жөнөткөн үгүтчү кармалды

Шектелүүчү Сириядагы куралдуу чыр-чатак аймагына адамдарды жиберүү жана пропагандалоо иштерин жүргүзүү үчүн акыркы жылдары жакынкы чет өлкөлөрдүн биринде жашап жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарын экстремизмге үгүттөөгө каршы уюштурулган операциянын алкагында 17-апрель күнү эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) биринин 36 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалдымат кызматынанан кабарлашты.

Билдирмеде айтылгандай, ал ЭТУ жетекчилеринин көрсөтмөсү менен 2015-жылы Сирияга Кыргызстандын төрт жаранын үгүттөп жиберген.

"Шектелүүчү Сириядагы куралдуу чыр-чатак аймагына адамдарды жиберүү жана пропагандалоо иштерин жүргүзүү үчүн акыркы жылдары жакынкы чет өлкөлөрдүн бирине барып, ошол жерде туруктуу жашап келген",— деп айтылат билдирүүдө.

Борбор Азия жана КМШ аймагында теракт уюштурууга келген согушкер кармалды
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектелүүчү тергөө абагына киргизилди.

Баса, өткөн аптада Кара-Суу районунун Савай айылынын окуучулары "Биз терроризмге каршыбыз!" урааны астында акция өткөрүшкөн. Маалыматка караганда, аталган райондун аймагынан Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн 242 жаран кеткен.