Исаков парламенттин чечимин колдогон президент тууралуу оюн айтты

Исаков өз сөзүндө алмаштыргыс адам болбой турганын айтып, кийинки команда азыркы иштерди улантып кетерине үмүт артты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Эгер парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин чыгарса, президент ал чечимди колдойт же четке кагат. Сооронбай Жээнбеков колдоп берди. Муну менен мамлекет башчы өлкөдөгү бардык нерсеге жоопкерчилик алды окшойт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков "Апрель" телеканалында сүйлөп жатып билдирди.

Исаков өз сөзүндө алмаштыргыс адам болбой турганын айтып, кийинки команда азыркы иштерди улантып кетерине үмүт артты.

"Президент бүгүнкү күндө парламенттин чечимин колдоп берди. Муну мен өлкөдө болуп жаткан бардык иштерге мамлекет башчы жоопкерчиликти өз мойнуна алды деген белги катары кабыл алдым. Баш мыйзам боюнча бийлик өз алдынча болушу керек эле. Бирок жоопкерчилик алган да жакшы", — деди Исаков.

Сапар Исаков: парламент саясий эрксиздигин көрсөтүп дүйнөгө уят болду
Ал ошондой эле жаңы түзүлө турган өкмөт башталган иштерди улантып кетсе абдан жакшы болорун кошумчалады.

"Эгер бүгүнкү башталган реформалар улантылса, анда жеңиш болот. Эч бир саясий көз караштарга карабастан позитивдүү иштер аткарыла турган болсо, алдыга жылыш болот", — деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 19-апрелде, парламент Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койду.