Финполдун жетекчи орун басарлыгына дагы бир чекист дайындалды

Буга чейин УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчилигине келген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Исабек Султаналиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчи орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 16-апрелде УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчилигине келген. Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Сүйүмбаев УКМК жетекчисинин орун басары кызматынан апрелдин башында бошотулган.