Апта ирмеми: гүлдөрдү чаңдаштырган дрондон пляждагы суйкайган бийкечтерге чейин

Sputnik

Москвада өлкөнүн эң сулуу бийкечи тандалды. "Россия сулуусу — 2018" сынагын 18 жаштагы чувашиялык Юлия Полячихина жеңип алды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бельгияга жумушчу сапары менен барды.

Катуудан казан гана калганда. "Ош" базарындагы өрттүн сүрөттөрү
Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 87 миллионго жакын адамдын жеке маалыматтары сыртка чыгып кеткени боюнча АКШнын конгрессинин алдында көрсөтмө берди.

"Ош" базарынын аймагында жыл башынан бери үчүнчү ирет өрт чыкты. Анын кесепетинен 5,4 миң чакырым күйүп кеткен.

Стамбулдун (Түркия) Босфор кысыгы менен Азия бөлүгүндө кетип бараткан жүк ташуучу кеме жээкте турган XVIII кылымга таандык, баасы бир нече миллион долларга тете үйдү сүзүп кетти.

Кытайдын Цанчжоу окуругунда фермадагы гүлдөрдү чаңдаштыруу үчүн дронду колдонуп жатышат.

Венгрияда парламенттик шайлоо өттү.

Ал эми Бангладеште Lal Kach фестивалы өттү.

1 / 18
Ростов-на-Донудагы "Ростов Арена" аттуу футбол талаасы
2 / 18
"Россия сулуусу-2018" сынагынын финалдык бөлүгү Барвихадагы Luxury Village концерттик залында өттү
3 / 18
Чувашиялык 18 жаштагы Юлия Полячихина жеңүүчү аталды. Бийкечке ак алтындан жасалган таажы кийгизилип, 3 миллион рубль жана автоунаа ыйгарылды
4 / 18
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Брюсселге болгон жумушчу сапарынын алкагында Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолукту
5 / 18
Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 87 миллионго жакын адамдын жеке маалыматы сыртка чыгып кеткени боюнча АКШнын конгрессинин алдында көрсөтмө берди
6 / 18
"Ош" базарынын аймагында жыл башынан бери үчүнчү ирет өрт чыкты. Анын кесепетинен 5,4 миң чакырым күйүп кеткен
7 / 18
Стамбулдун (Түркия) Босфор кысыгы менен Азия бөлүгүндө кетип бараткан жүк ташуучу кеме жээкте турган XVIII кылымга таандык, баасы бир нече миллион долларга тете "особнякты" сүзүп кетти
8 / 18
Кытайдын Цанчжоу окуругунда фермадагы гүлдөрдү чаңдаштыруу үчүн дронду колдонуп жатышат
9 / 18
Венадагы Шенбурн зоопаркынын кызматкери деңиз арстанынын саламаттыгын текшерип жатат
10 / 18
Индиядагы Жалор кыштагы
11 / 18
Нельсон Манделанын мурдагы жубайы Виннинин жаркын элесине арналган парад. Саясатчы жана өмүр бою расалык кастык менен күрөшкөн айым ЮАРда 2-апрель күнү көз жумган
12 / 18
Швейцариянын Берна шаарындагы Ааре дарыясын керилген жип аркылуу кесип өткөн киши
13 / 18
Венгриядагы парламенттик шайлоодо добуш берип жаткан айымдар
14 / 18
Аялдар Кытайдын Тумэнь шаары менен Түндүк Кореяны бириктирген Намян көзөмөл өткөрүү бекетиндеги көпүрөдөн өтүп баратышат
15 / 18
Бангладеште өткөн Lal Kach фестивалынын катышуучулары
16 / 18
Актриса Николь Рошель 80 жаштагы комик Билл Косбиге кол салууга аракет жасаган. Косби аялдарга асылган деп айыпталып, сотко көрсөтмө берүү үчүн келген
17 / 18
Австралиядагы Голд-Кост шаарындагы Surfers Paradise аттуу пляждагы акы төлөнүүчү унаа токтотуу жайларын инспекторлор текшерип жатат
18 / 18
Гондурастын борборундагы Валле-де-Анхелес муниципалитетиндеги көчөлөрдүн бири