Балбандын ысымы узун элдин учугуна, калың элдин кыйырына таанылып жаткан чагы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Азия чемпиону Акжол Махмудов тууралуу 9 факты сунуштайт.
1. Таянаар тоосу — үй-бүлөсү. Атасы Мухаммед (өз аты Махамаджан —ред) беш баланы эрезеге жеткирген. Өзү базарда соода-сатык менен алектенет. Акжолдун эки агасы Бексултан менен Сыймык дагы грек-рим күрөшүнүн балбандары. Карындаштары Зулфия 8-класста, Бегимай 5-класста окуйт. Балбан апасы тууралуу кеп кылганды жактыра бербейт.
2. Бир нече жолу мектеп которгон. Үй-бүлөсү жашоо шартка байланыштуу Ош менен Бишкектин ортосунда жүргөндүктөн, беш ирет мектеп которгон. Балбан окуучу кезинде бейбаш болбогонун айтат. "Сабакты начар окусам да, мугалимдердин айткандарын так аткарганга аракет кылчумун" деп эскергени бар. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетинин 3-курсунда билим алат.
4. Ийгилик артынан ийгилик. Балбандын тер агызган машыгуулары майнабын бербей койгон жок. Эң ириде ал кадеттер арасында эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында Азиянын чемпиону аталды. Кадеттер арасында дүйнө чемпиондугун жана жаштар арасында күмүш медалды багындырды. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталып, эл аралык класстагы спорт чебери наамын алган.
5. Көтөрүп чапкан ыкмаларынын сыры. Балбан коомчулукка аз убакытта чоң ийгиликке жетишип, кармаш учурунда кооз ыкмаларды көрсөтүү менен таанылды десек болот. Айрымдар балбанды таланттуу деп эсептешет. Дегени менен Акжол мындай пикирге кошулбайт. "Машыгууда эл бир ыкманы жасаса, мен ар кандай ыкмаларды ойлоп табам. Күтүлбөгөн чабуулдарды үйрөнүүгө басым жасайм. Маселен көтөрүп чапкан ыкмаларга көнүш үчүн күнүнө 400-500 жолудан жасайм. Мен таланттуу эмес, эмгекчилмин" деп айтканы бар.
6. Акула каймана атын кантип алган? Махмудов мурда россиялык балбан Аслан Зубаировдун спорттогу жолуна абдан кызыкчу. Анын да каймана аты "Акула" эле. Акжол кумирин туурап интернет тармагына акула деп каттала баштаган. Эми аны баары дал ушул каймана аты менен тааныйт. Балбан ар дайым кармаштарына акуланын сүрөтү бар спорттук кийимдерди кийип чыгат.
Учурда Акжол өзбекстандык балбан Элмурат Тасмурадовго баа берет. Тасмурадовдун улуту казак, бирок, Өзбекстандын атынан күрөшөт. Акжол аны атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утуп, жер каратат деп маашырлана белгилеп келет.
7. Жаңы салмак категориясына өттү. Балбан буга чейин олимпиадалык эмес, башкача айтканда 72 килограмм салмакта күч сынашып келсе, эми 77 килограмдык салмакка өттү. Себеби 12-13 майда КРдин чемпионаты өтүп, анда август айында Индонезияда боло турчу Азия оюндарынын катышуучулары тандалат. Анан да Олимпиада оюндарына лицензия бере турчу оюндар эмдиги жылдан башталат.
8. Эки батирди белекке алган. Махмудов 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль утуп алгандан кийин, өзү туулуп өскөн Ош облусундагы жердештери тарабынан Бишкектен эки бөлмөлүү, Оштон бир бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктарга ээ болгон. Балбан буга чейин үй-бүлөсү менен батирди ижарага алып жашап келген.
9. Бильярдчы-балбан. Спортулардын да хоббиси болот. Бири ырдаганды, экинчиси бийлегенди жактырат. Акжол дээрлик чыгармачылыкка жок. Бирок бильярдды катырат. Жумасына үч жолудан бильярд клубуна барганды адатка айланткан. Ошондой эле тенниске да кызыгат.