Пресс-борбор

Жеке ишкер Алмаз Сүйүнбеков тажрыйбасы тууралуу окуучуларга айтып берет

Иш-чара SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулууда
Sputnik

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди жаш жеке ишкер Алмаз Сүйүнбеков менен мектеп окуучуларынын жолугушуусуна чакырабыз.

Иш-чара SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулуп, 13-апрелде саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Жолугушууда ишкер бөтөлкө чогулткан учурунан тартып, кантип өз бизнесин ачканга жетишкени тууралуу айтып берет.

Катышуучу:

Алмаз Сүйүнбеков — жеке ишкер

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.