Митингге чыккан "Ош" базарынын соодагерлери ЖК төрагасы менен жолугат. Талаптар

Тилсиз жоо эртең мененки саат 7.40 чектелген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Өрттөн улам "Ош" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

1 / 4
Өрттөн улам "Ош" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыкты
2 / 4
Ушу тапта имарат алдында болжол менен 20дай соодагер турат
3 / 4
Бир тобу акимиатка кеткени айтылды
4 / 4
Сатуучулар негизинен өрттүн кесепетинен тарткан зыяндын ордун толтуруу, соода орундарын калыбына келтирүүнү талап кылып жатышат.

Катуудан казан гана калганда. "Ош" базарындагы өрттүн сүрөттөрү
Эскерте кетсек, 13-апрелге караган түнү Киев менен Кулиев көчөлөрүнө жакын жерде жайгашкан "Берекет" базарында өрт чыгып, товарлар күйүп кеткен. Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов кырсык атайылап жасалганын маалымдаган. Ал эми Бишкек милициясы өрт фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ушу тапта имарат алдында болжол менен 20дай соодагер турат. Бир тобу акимиатка кеткени айтылды. Сатуучулар негизинен өрттүн кесепетинен тарткан зыяндын ордун толтуруу, соода орундарын калыбына келтирүүнү талап кылып жатышат.

"Сатуучулар тапкан-тергенинен куру жалак калганын айтып, күйүп кеткен жерге башка имарат салынып кетет деп чочулашууда", — деди кабарчы.

Митингчилерге ЖК депутаты Жанар Акаев чыгып, көйгөйүн укту. Андан соң парламенттин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов ЖК төрагасы Дастан Жумабеков соодагерлердин 10го чукул өкүлүн саат 15.00дө кабыл аларын айтты. 

Ушу тапта "Ош" базарынын өрт чалган аймагында эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуп билсеңиз болот.