"Ош" базарында чыккан өрт чектелди

Тилсиз жоо 13-апрелдин түнүндө катталган
Sputnik

БШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ош" базарындагы "Берекет" майда дүң соода базарында чыккан өрт саат 7:40та чектелгенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Кырсык болгон жерде 11 атайын автоунаа жана куткаруучулар иштеп жатат.

"Ош" базарын кайрадан өрт чулгады. Учурда эмне болуп жатат
Белгилей кетсек, өрт тууралуу билдирүү таңкы саат 3:52де келип түшкөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдын ала билдирүүсү боюнча өрттөн жабыркагандар жок.

Быйыл аталган базарда ушуну менен үчүнчү жолу өрт чыгууда. Биринчи кырсык 30-январда болсо, экинчиси 5-мартта катталган.