ИИМдин "Шумкар" аттуу атайын даярдыктагы полкунун кызматкерлери жолдун боюнда турган соодагер аялдарды сыртка чыгаруу аракетинен улам жаңжал чыккан.
Анда ИИМ кызматкери соодагер аялга орой сүйлөп жибергени үчүн жанында турган киши ортого түшүп аны жакадан тарткан. Экөө жакалаша кеткенде аялдар арачалап калышты. Андан соң өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахметов ортого түшүп тынчтандырды.
Белгилей кетсек, 13-апрелдин түнүндө "Ош" базарынын аймагындагы Киев менен Кулиев көчөлөрүнө жакын жерде жайгашкан "Берекет" кичи базарында өрт чыгып, товарлар күйүп кеткен.
Жалындаган от төрт сааттын ичинде чектөөгө алынды. Тилсиз жоо жалмаган аянт 2000 чарчы метрди түзгөн. Жеринде өрт өчүрүү боюнча 11 унаа иштеген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да базарга бирөө атайлап өрт коюушу мүмкүн деп жатат. Бул боюнча ИИМ тарабынан кылмыш иши козголду.