"Ош" базарындагы өрт 16 сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү

Кырсыктын кесепетинен базардын 5400 чарчы метри күйүп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Ош" базарындагы өрт толугу менен өчрүлгөнүн ӨКМден кабарлашты.

"Ош" базарында соодагерлер менен милиционерлердин ортосунда жаңжал чыкты. Видео
Кырсык тууралуу маалымат куткаруучуларга 13-апрелде, таңкы саат 03.52де келип түшкөн. Жалындаган өрт толугу менен саат 19.45де, тагыраагы 16 сааттан кийин өчүрүлдү. Өрт Киев менен Кулиев көчөлөрүнө жакын жерде жайгашкан "Берекет" кичи базарынан чыккан.

ӨКМден билдиришкендей базардын 5400 чарчы метри күйүп кетти. Бул жыл башынан берки "Ош" базарынын аймагында чыккан үчүнчү өрт. Биринчиси 30-январда, экинчиси 5-мартта болгон.