БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен жеринде эки адам каза болуп, 2017-жылы туулган наристе ооруканада чарчап калган", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, бир аял менен эркек киши райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин Жалал-Абад шаардык куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барды.