Жээнбековдун Жарлыгы менен Аскарбек Шадиев кызматтан кетти

Тиешелүү Жарлыкка мамлекет башчы бүгүн кол койгон
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Индира Жолдубаева Башкы прокурорлуктан алынды
Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Шадиев 6-апрелде кызматтан кетүүгө арызын өзү жазган. Анын жумуштан кетүүсүнө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров  алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон.  Аталган сумманы алууга шарт түзгөн катка Аскарбек Шадиев кол койгон.

Ал кызматтан кетүү чечимин өкмөттүн ишине көлөкө түшүрүп алгысы келбегени менен түшүндүргөн.