Жээнбеков Европарламенттин төрагасы менен эмнелерди талкуулады

Президент Бельгияга барып Евробиримдиктин жетекчиси менен жолукту
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Президент Сооронбай Жээнбеков Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни менен жолукту
2 / 3
Жолугушуу бүгүн, 12-апрелде мамлекет башчынын Брюсселге болгон иш сапарынын алкагында ишке ашты
3 / 3
Жээнбеков менен Таяни негизинен Кыргызстан менен Европарламенттин кызматташуусун талкуулады.

Жолугушуу бүгүн, 12-апрелде мамлекет башчынын Брюсселге болгон иш сапарынын алкагында ишке ашты.

Жээнбеков менен Таяни негизинен Кыргызстан менен Европарламенттин кызматташуусун талкуулады. КР президенти Европа биримдиги менен болгон мамилени жакшыртуу өлкөнүн негизги максаттарынын бири экенин белгилеп өттү.

"Жээнбеков Кыргызстанда президенттик шайлоо заманбап технологияларды колдонуу менен өткөрүлүп, байкоочу кеңеш жакшы баасын бергенин айтты. Ошондой эле мамлекет башчы демократия, соттук система жана адам укуктарын өнүктүрүүнү улантарын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Сүрү күчтүү лайнер, бүркөлгөн күн. Жээнбековду Бельгия кантип тосуп алды
Ал эми Европарламенттин төрагасы Кыргызстандын парламенттик системаны бекемдөө планын колдой турганын билдирди. Анын айтымында, республика өнүгүү жолунда баратат. Ал ошондой эле Кыргызстан Борбор Азияга тийиштүү маселелер боюнча Европарламент көтөргөн демилгелерге активдүү катышып жатканын белгиледи. Таяни билдиргендей, Европарламент Жогорку Кеңеш менен өнөктөш мамилени тереңдетүүгө даяр.