Сүрү күчтүү лайнер, бүркөлгөн күн. Жээнбековду Бельгия кантип тосуп алды

Президентти бир топ аткаминер коштоп барды.
Sputnik

Сооронбай Жээнбеков сапар алкагында Брюсселде Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусу боюнча жаңы келишимди иштеп чыгуу маселелерин талкуулайт. Андан сырткары, өлкөнүн артыкчылык берилген экономикалык тармагына инвестиция тартуу маселеси да каралат.

Жээнбеков Анкарада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
Жээнбеков ошондой эле Европа биримдигинин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку төрагасы Федерика Могерини менен жолугат. Иш сапардын алкагында Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа парламентинин башчысы Антонио Таяни менен жолугушуу пландалган.

КР президентин Бельгияга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Бельгиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев, вице-премьер Санжар Муканбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Алтынбек Сулайманов коштоп барган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен Түркияга барган болчу.