Атасын өлтүрүп, кызын кордоп... 90-жылдардагы үрөй учурган кылмыштар

Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда апрель айында чыккан гезиттерди барактап, ошол учурдагы чуулгандуу окуяларды сунуштайт.
Sputnik

Бул сапар ата-эне менен балдарга байланышкан чуулгандуу окуялар тизмектелди. Карыя каракчы уулунун досторунун колунан көз жумса, дагы бир өгөй ата кызынын этегин ачкан…

Алкымы бузук прокурор

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Кеч курун көчөдө кетип бараткан беш эркек бейтааныш кызга кол көтөрүп, зордуктоого аракет жасашкан. Кийин шектүүлөр милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн. Тергөө иштерин прокурордун жардамчысы алып барып, аларды суудан кургак алып чыгууга аракет жасап, 50 миң сом талап кылган. Бирок ою ишке ашпай, айыбы ачылып, мамлекеттик кызматкер соттолуучулардын катарына отурган.

Чекисттин баласы ок атып…

Преступления 90-годов в Кыргызстане

13 жаштагы өспүрүм УКМКда иштеген атасынын тапанчасы менен он жаштагы окуучуну башка атып алган, берки ошол жерде көз жумган. Ок чыгарган баланын өзү  да ок жеген.

Ата деген аттан айлангыр…

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Денесинде соо жери калбаган эки жаштагы кыз борбор калаадагы ооруканалардын бирине түшкөн. Көгала болгон наристенин айрым жеринде күйүктүн белгилери аныкталган. Андан сырткары, билеги сынып, баш сөөгү чайкалып, аны зордуктоого аракет жасалгандыгы байкалган. Милиция кызматкерлери наристенин өгөй атасын шектүү катары колго түшүрүп, кылмыш ишин козгогон.

Уулунун колунан өлгөн ата

Преступления 90-годов в Кыргызстане

20-25 жаштагы төрт жигит милициянын колуна түшкөнгө чейин мылтык менен 19 жаштагы кызды, бир кемпирди өлтүргөн. Анысы аз келгенсип бир шеригинин атасын коркутуп акча доолап, аны атып салышкан.

Тирүүлөй өрттөнгөн бөбөк

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Өспүрүмдөр жашынмак ойноп жатып, экөө жогорку чыңалуудагы трансформатордун будкасына жашынган. Жыйынтыгында алардын бирөө ошол эле жерде күйүп кетсе, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.

Март айындагы чуулгандуу соттук чечимдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.