Сооронбай Жээнбеков Түркиядан ары Бельгияга учуп кетти

Өлкө башчысы Европа биримдигине таанышуу сапары менен барат
Sputnik

АНКАРА, 11-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгияга жумушчу сапары менен учуп кетти.

Жээнбековдун Түркияга болгон иш сапарында алты документке кол коюлду. Тизме
Брюсселде Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусу боюнча жаңы келишимди иштеп чыгуу маселелери талкууланат. Андан сырткары, өлкөнүн артыкчылык берилген экономикалык тармагына инвестиция тартуу маселеси да каралат.

Жээнбеков ошондой эле Европа биримдигинин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку төрагасы Федерика Могерини менен жолугат. Иш сапардын алкагында Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа парламентинин башчысы Антонио Таяни менен жолугушуу пландалган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен Түркияга барган болчу.