Сирияда россиялык журналисттер бараткан автобуска ок атылды

Окуя ЖМК өкүлдөрү Чыгыш Гутадагы абал боюнча материал жасап кайтып келе жатканда болгон
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Сирияда россиялык журналисттер бараткан автобус аткылоого тушукканын РИА Новости агенттиги РФтин Коргоо министрлигине таянуу менен жазды.

Сириядагы согушка катышып, диверсиялык окуудан өткөн КР жараны кармалды
Ага ылайык, окуя ЖМК өкүлдөрү Чыгыш Гутадагы абал боюнча материал жасап кайтып келе жатканда болгон. Белгисиз бирөөлөр автобуска карата ок чыгарган. Анын кесепетинен НТВ телеканалынын корреспонденти Алексей Ивлев, "Россия-1" телеканалынын оператору Михаил Виткин жана "Звезда" телеканалынын оператору Владислав Додонов бутунан жаракат алышкан.

Журналисттерге дарыгерлер тарабынан тезинен медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда алардын өмүрүнө коркунуч жок.

Жабыркагандар госпиталга жаткырылат.