Нарколог: түнкү клубдан башы чыкпаган кыздар ичкиликке берилип кетүүдө

Кыздар 14-15 жашка толгондо эле ичимдиктин даамын татып көрүшүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда окуучу кыздар арасында ичимдикке берилгендер көбөйүүдө. Бул тууралуу Республикалык наркология борборунун дарыгери Венера Жанузакова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, кыздар 14-15 жашка толгондо эле ичимдиктин даамын татып көрүшүүдө.

"Кыздар эч нерседен тартынбай, эркин болгулары келет. 14-15ке толгондо ичимдиктин даамын татып, кийин берилип кетип жатышат. Учурда жаштар эрте жетилип жаткандыктан, сыртынан курагын так айта албайсың. Чоң эле адам экен десең, өспүрүм болуп чыгат", — деди нарколог.

Кыргызстанда аракечтик көп учураган облустар аталды
Ал ошондой эле көпчүлүк учурда кыздар ичимдикти клуб менен кафелерге барганда татып көрүшөрүн белгиледи.

"Кафеге кирсең жаш кыздардын ичип отурганын көрөсүң. Алгач жеңил коктейлдерден башталат. Кийин андан күчтүүсүнө өтүшөт. Ошентип акырындык менен көз карандылык пайда болот. Бизге андай кыздарды туугандары, достору, күйөөлөрү же курбулары алып келет", — деди ал.

Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү.