Милиция май куюучу жайдагы айдоочулардын ызы-чуусуна түшүндүрмө берди

Балыкчы шаарынын тартип сакчылары талап-тоноого шектелген адамдарды кууп келе жаткан
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Балыкчыда май куюучу жайда буктурмага алынган унаа боюнча окуянын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов айтып берди.

Эскерте кетсек, буга чейин Балыкчы шаарындагы май куюучу жайлардын биринде Toyota Windom унаасын башка эки унаа буктурмага алып, бирок ортодо калган машина алды-артындагы автолорду сүзүп качып кеткен видео жарыяланган.

Билдирмеге караганда, анда талап-тоноого шектелген адамды кармоо иши жүрүп жаткан.

Балыкчыдагы жатак колониясынан эки киши качып чыкты
"Милицияга 31-март күнү Тоң районунун 34 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, ал Бишкек шаарынан DAF унаасы менен цемент жүктөп келе жатып, эс алуу үчүн "Ак-Кеме" постунун жанына токтогон. Ал жерге Audi унаасында эки бейтааныш адам келип, "бизди мурда сөгүп кеткенсиң" деп доомат коюшкан. Андан соң өздөрүнүн унаасына салып кетип, ур-тепкиге алышкан", — деди Усубакунов.

Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кошумчалашкандай, кийин аларга дагы эки киши кошулуп, жабырлануучудан 60 миң сом талап кылышкан. Качан гана айдоочу акчасы жок экени айтканда, жүктөп келе жаткан 18 тонна цементти сатып акчасын бересиң деп айтышкан. Мындан тышкары, ал тоноочуларга ай сайын 10 миң сомдон берип турарын эскертишкен.

"1-апрель күнү милиция эки шектелүүчүнү колго түшүргөн. Алар Бишкек жана Балыкчы шаарынын тургундары болуп чыкты. Дагы экөөнү кармоо үчүн 4-апрель күнү Балыкчы шаарындагы май куюучу жайлардын биринде атайын операция жүргүзүлүп, бирок шектелүүчүлөр качып кетишкен", — деди Усубакунов.

Алар айдап жүргөн Toyota Windom унаасы 5-апрель күнү Кочкор районунда табылган. Учурда милиция Бишкек шаарынын 38 жана 26 жаштагы эки тургунун издеп жатат.

Маалыматка караганда, кармалган эки жаран кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда жок.