Бишкектин көчөлөрү эмнеге бир учурда жабылды? Мэрия өкүлүнүн жообу

Муниципалдык кызматтар план боюнча жолдорду тез арада оңдоп-түзөп бүтө салууга аракет кылып жаткан чагы. Андыктан кыймыл үзүлбөгөн көчөлөр жабылып, трассаларда автотыгындар жаралууда.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Шаардык кызматтар бир нече ири көчөнү бир учурда жапты, бул атайын долбоордун алкагында жасалууда. Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев кабарлады.

Кыймыл кыйма-чийме болгон көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштеринен улам жолдун 13 жери жабылып, анын кесепетинен автотыгындар жаралууда.

Эшенбаевдин айтымында, жолдорду оңдоо боюнча долбоор 2017-жылы түзүлгөн. Анын алкагында жасала турган иштер эки жылда бүтүшү керек.

"Бизде убакыт тар, ал эми жасала турган иштерибиз арбын. Бул эми айла жоктон жасалып жаткан кадам. Чыдагандан башка аргабыз жок", — деди Эшенбаев.

Бишкектин жолдорундагы эртең мененки абал. Асмандан көрүнүшү
Оңдоп-түздөө иштерин тез бүтүрүү үчүн түндөп да иштөөгө болобу деген суроого жетекчи "буга Кыргызстандын эконономикасынын чама-чаркы чак келбейт" деп түшүндүрдү. Ал пландалган башка мезгил үчүн акча төлөп берүүгө мэриянын каражаты жок экенин кошумчалады.

Жалпысынан 38 чакырым жолду оңдоп-түзөө иштери каралган. 23 көчөнүн ичинен он беши быйыл оңдолот.

Sputnik Кыргызстан Бишкектин оңдолуп жаткан көчөлөрүнүн картасын түздү.