Чейрек кылым ичинде канча баш прокурор алмашты? Тизме

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери Башкы прокуратураны 13 киши жетектеген
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш 1993-жылы декабрда "Прокуратура жөнүндө" мыйзам кабыл алып, башкы прокуратуранын иштөө принциптери жана милдеттери белгиленген.

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган 27 жылдан бери Башкы прокуратураны 13 киши жетектеген. Sputnik агенттиги мамлекеттик бул маанилүү кызматты кимдер аркалаганына саресеп салды.

Туулган күнүндө кызматынан кол жууган Индира Жолдубаева тууралуу 6 факты
Кыргызстандын биринчи башкы прокурору болуп Чолпон Баекова (1991-1993-жылдары) иштеген.

Андан кийин жети жыл бою (1993-2000-жылдары) Асанбек Шаршеналиев жетектеген. Дал ушул жылдары "Прокуратура жөнүндөгү" жаңы мыйзам кабыл алынган.

Башкы көзөмөл органды андан кийин кезеги менен Чубак Абышкаев (2000-2002-жылдары) менен Мыктыбек Абдылдаев (2002-2005-жылдары) башкарган.

2005-жылы башкы прокурор болгондор тездик менен алмашкан. 23-мартта Мурат Суталинов башкы прокурор болуп дайындалып, эртеси эле кызматтан кеткен. Андан соң Азимбек Бекназаров өлкөдөгү саясий абал олку-солку болуп турган учурда башкарган. Ал башкы прокурор болуп 2005-жылдын апрелинен сентябрына чейин иштеген. Бусурманкул Табалдиев башкы прокурордун милдетин ошол эле жылдын сентябрынан октябрына чейин аткарган.

Кыргызстандын прокурорлору элди видеокамера алдында кабыл ала баштайт
Камбаралы Конгантиев бул маанилүү кызматка 2005-жылдын аягында келип, ордун 2007-жылы Элмурза Сатыбалдиевге бошотуп берген.

2009-жылдан баштап 2010-жылдагы апрель окуясына чейин Нурлан Турсункулов Башкы прокуратураны башкарып турган.

2010-жылы 7-апрелден 13-сентябрга чейин башкы көзөмөл органдын башчысынын милдетин Байтемир Ибраев аткарган.

Кубатбек Байболов 2010-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн башкы прокурору болгон.

Аида Салянова башкы прокурор болуп 2011-жылдын 31-мартынан 2015-жылдын 22-январына чейин иштеген. Салянованын ордун 2015-жылы Индира Жолдубаева басып, ал 2018-жылдын 11-апрелине чейин иштеди. Дал ушул күнү Жогорку Кеңеш аны кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун жиберген сунуштамасын колдоого алган.

Жолдубаева башкы прокурор болуп иштегендердин арасынан эң жашы болду. Бул мамлекеттик маанилүү кызматка дайындалганда болгону 36 жашта эле.