Борбор калаада студенттердин ыры жаңырат

"Жаштык ыры" студенттик поэзия кечесине өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуп, ыр жазып жүргөн жаштардын ичинен эң мыктылары тандалып катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр.— Sputnik. Борбор калаада студент акындардын "Жаштык ыры" деп аталган поэзия кечеси өтүп, анда беш жаш акын ырларын чогулгандарга окуп берет. Бул туурасында Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Мидин Алыбаев тууралуу кызыктуу 10 факты. 42 жаш, сейрек талант, "таш коргон"
Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында биринчи, экинчи, төртүнчү курстун студенттеринин ыры жаңырмакчы.

Белгилей кетсек, "Жаштык ыры" студенттик поэзия кечесине өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуп, ыр жазып жүргөн жаштардын ичинен эң мыктылары тандалып катышууда.

Иш-чараны белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.