Жолдор го жабылды, оңдоо иштери эмнеге баштала элек? Адистин жообу

Бишкектиктер сааттап автотыгында туруп, ремонттолот деп жабылган жолдордо оңдоо иштери али баштала электигине нааразы болушту.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Интернетте борбор калаадагы жолдордун жабылганына арыз-муңун айтып, нааразы болгон бишкектиктер арбыды.

Шаардыктар сааттап автотыгында туруп, оңдолот деп жабылган жолдордо иштер али баштала электигине жини келип жаткандыгын айтышты.

Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев эмне үчүн мындай болуп жаткандыгын түшүндүрүп берди.

"Бардык көчөлөрдө иш график менен жүрүп жатат. Көп көчөлөрдө топографиялык иштер жасалууда, аны эл байкабай жатса керек. Жолду оңдоодо иштин мындай бөлүгү өтө маанилүү. Автоунаалар ары-бери каттап, кыймыл кычап турган учурда топографиялык иштерди, ченөөлөрдү жүргүзүүгө эч мүмкүн эмес. Себеби ченеп, сызып иштеп жаткан адистердин коопсуздугун тобокелдикке салууга болбойт", — деди ал.

Эшенбаев топографиялык иштерден кийин инженердик-геодезиялык иштер жасалып, асфальттын үстүңкү бөлүгү алынарын, андан соң гана жаңы катмар жаткырыларын кошумчалады.

Жалпысынан 38 чакырым жолду оңдоп-түзөө иштери каралган. 23 көчөнүн ичинен он беши быйыл оңдолот.

Sputnik Кыргызстан Бишкектин оңдолуп жаткан көчөлөрүнүн картасын түздү.